Окуучулар мектептин имаратына барып билим алышууда

Өлкөдө жалпысынан 1843 мектеп реалдуу режимде окутууну жандандырды. Кадимки окутууну баштоодо жергиликтүү шартка жараша мамиле жасалып, ар бир шаар менен айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

610 мектепте 1-11-класстардын окуучулары баары окуп жатат. 401 мектепте 1-класстар гана, 107 мектепте 1-класс менен 11-класстын окуучулары  имаратка барып билим алышууда. Калган мектептерде окуу режиминин шарттары ар кандай түзүлгөн.

Өлкөдө жалпы билим берүүчү 2292 мектеп бар. Коронавируска байланыштуу мектептердин дээрлик баары март айынан бери жабык турган эле.