Окуучулар митингге чыккан мектептин ашпозчусу: «Уруш ашканадан чыккан. Садыр Жапаров келгенде көйгөйүбүздү айтканбыз»

17-апрелде Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернатынын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышты. SUPERTV телеканалы аталган билим уясына барып, митингдин чоо-жайын сураштырдык. Коомчулуктун көңүлүн бурган окуядан саналуу күндөр мурда мектепке президент барганы да маалым болду.

«Мурдагы директор иштетпей койду. Келип алып урушат, кеткиле деп кубалайт. Сүрөткө тартат. Кубалап чыккан күндөрү болду. Ашканадагылар чогулуп, арыз жазганбыз. Директор «мен Садыр Жапаровдун кишисимин, эмне кыла аласыңар?» дечү. Уруш ашканадан чыкты. Бизге Садыр Жапаров келип калды. Өз көйгөйүбүздү айттык. Уруш ушул жактан эле чыкты. Анын алдында эки мугалим уруша кетишти. Президенттин жини келип, ротация деди. Эми бизди мугалимдер да, тарбиячылар да жаман көрүп жатышат», — деди ашпозчу.

Редакцияга Садыр Жапаровдун аталган мектепке барганын президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.