«Окуучулар сабырдуулукка үйрөнүшөт». Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча стандарт бекиди

Жалпы билим берүү уюмдарында диндердин өнүгүү тарыхын окутуунун предметтик стандарты иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бул стандарт аталган предмет боюнча билим берүүнүн мамлекеттик минималдуу мазмунуна жана 7-8-9-класстардын окуучуларынын даярдык деңгээлине коюлган талаптарды белгилейт. Диндердин өнүгүү тарыхы окуучуларга диндер жана алардын мазмуну, коомдук мамилелер, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулар диндердин тарыхын жана келип чыгышын изилдеп, диний окуулардын маңызын түшүнө башташат: диндердин маанисин, алардын азыркы коомго тийгизген таасирин жана тенденцияларын талдоо менен окуучулардын мамилеси калыптанат, айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүүгө, сабырдуулукка үйрөнүшөт.

Диндердин өнүгүү тарыхы предметтик стандарты өлкөдөгү кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей.