Жогорку Кеңештин депутаты, «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимованын демилгеси жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун колдоосу менен Алай районундагы 9 мектепке көчөттөр берилди.
Маалыматка караганда, мектептерге алманын Семиренко, Крипсон көчөттөрү берилген.
Берилген көчөттөрдүн саны:
- Адышев мектебине 67;
- Парманас мектебине 40;
- Молдокулов мектебине 40;
- Аданбаева мектебине 50;
- Мадалиев мектебине 50;
- Бөрүбаев мектебине 50;
- Кыпыева мектебине 55;
- Бубаев мектебине 55;
- Отунчиев мектебине 20 көчөт берилди.