Окуучуларды кышкы каникулга эрте таратууну министрлик колдогон жок

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын кышкы каникулун жылдыруу жана аны узартуу сунушун колдобойт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматтта айтылгандай, окуучулар онлайн режимде окуп жатышса деле окуу планынын негизинде сааттар бөлүштүрүлүп, окуу жүргүзүлүүдө. “Окуу процессинен сааттарды алып салууга болбойт. Буга байланыштуу бул сунушка министрлик макул эмес”, — деп билдиришти министрликтен.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко окуучулардын кышкы каникулун 14-декабрдан баштап, аны 18-январга чейин узартууну айтып, 3-чейректен тартып сабактарды мектепте өтүүнү сунуштаган эле. “Бул балдарга, ата-энелерге, мугалимдерге да онлайн-окуудан эс алууга мүмкүнчүлүк бермек. Ата-энелер аябай чарчашты. Балдардын арасында өз жанын кыйган окуялар көбөйдү” деген депутат.

Пландалган график боюнча окуучулар кышкы каникулга 30-декабрдан 11- январга чейин чыгышат.