«Эмне укпайсың?». Окуучуларды указка менен урган мугалимдин видеосу тарады

Социалдык тармактарда окуучуларды указка менен урган мугалимдин видеосу тарады.

Маалыматка караганда, видео 12-апрель күнү Жалал-Абад облусундагы Жерге-Тал айылындагы №11 Мария Орозалиева атындагы мектепте тартылган. Видеодогу агай физика сабагынан берери да айтылууда.

Видео тууралуу Билим берүү министрлиги маалымат бере элек.