Окуучулардын кышкы каникулу 12 күнгө созулат

Окуучулардын кышкы каникулу 12 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө билим берүү уюмдарынын негизги окуу планына ылайык, кышкы каникулдар 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейин созулат. Ал эми 2021-жылдын 11-январы — үчүнчү чейректин алгачкы окуу күнү.