Окуучулардын кышкы каникулу 14 календардык күндү түзөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Каникул 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат.
Белгилей кетсек, окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин болгон.