Окуучулардын кышкы каникулу 30-декабрда башталат

Окуучулардын кышкы каникулу 30-декабрда башталып, ал 11-январга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кышкы каникулду 14-декабрдан баштоону, 18-январдан кадимки режимде окууну улантууну сунуш кылган эле. Бул демилге министрликтен колдоо тапкан эмес.