Окуучулардын массалык уулануусу боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн Чүй облусундагы кызматкерлери Байтик айылындагы Кут Билим мектеп-интернатынын окуучуларынын массалык уулануу фактысы боюнча мониторинг жүргүзүштү.

Анда уулануу мектептин ашканасында болгону аныкталды. Анын себеби санитардык-эпидемиологиялык дарыгерлеринин экспертизаларынан кийин аныкталат. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки процесстер башталды.

Окуядан кийин окуу толугу менен онлайн формасына өткөн. Ал эми салттуу билим алууну улантууга уруксат берүү маселеси азырынча тактала элек.

Белгилей кетсек, уулануунун натыйжасында 22 окуучу жана бир мугалим ооруканага жеткирилген.