Окуучулардын өлүмүнө байланыштуу Бишкектеги жана Ош облусундагы 26 милиция кызматынан бошотулду

Мектептердеги ур-токмоктон улам эки окуучунун өлүмүнөн соң Бишкектеги жана Кара-Суудагы жалпы 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин борбордук аппаратында онлайн-кеңешме өтүп, Бишкек шаарынын жана Ош облусунун мектептериндеги чыр-чатактардан улам балдардын өлүмү менен байланышкан акыркы кайгылуу учурларга байланыштуу иштери кескин сынга алынды.

Натыйжада, Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин орун басары Нарис Кыдырбаев, №2 ШМБнүн башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталовдор көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн ээлеген кызматтарынан бошотулган. Ошондой эле Кара-Суу РИИБдин башчысы Тилек Омуралиев, орун басары Сталбек Суюнов, аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев кызматтан четтетилди.

Мындан тышкары функционалдык милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБнүн 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.