Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты.
Буйрукка ылайык, жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен Ош облусунда – 22, Нарын облусунда – 10, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 5, Талас облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1. Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте 2024-жылдын 1-ноябрына чейин аякташы зарыл.
Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 2024- жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыктоосу керек.
Буйрук Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 26-февралындагы № 31-6 протоколдук тапшырмасын аткаруу жана жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу максатында чыкты.