Социалдык тармактарда окуучунун апасы класста балдардын көзүнчө мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Бул окуяга карата билим берүү министри «мугалим жалдап алган кул же малайың эмес» деди.
«Мен бул мектепте иштегениме толук 1 жыл боло элек. 5-класстын класс жетекчисимин. Мындай учур менде биринчи жолу болду. Окуя коомчулукка чыкпай эле койсо дегем. Бул мугалимге да таасирин тийгизет. Видеону эртең менен көрдүм. Азыр өзүмдү кандай алып жүрүшүм керек экенин, ички сезимдеримди айта албайм. 1-сентябрдан тарта класс жетекчиликти алгам. Окуучу 16-сентябрда башка мектептен келди. Бала кадимкидей эле бала. Балдардын баары тентектик кылат. Мектеп ичинде болгон нерсени эне-атага жеткириш мугалимдин милдети. «Бала кыздарды сабап коюп жатат» деп бул эне менен байланыш болуп турган.
Апасы, мен, окуучу үчөөбүз отуруп сүйлөштүк. Мага кичинекей куту берди. Мен шоколад болсо керек деп ойлодум. Буга чейин шоколад берген учурлар болгон. Мен ата-энелерди чогултуп, пол жуугуч, шыпыргы, швабра, чака алып бересиңер деп милдеттендиргем. Макул болушуп, баары кол коюп беришкен. Бул эжеге да ошол чогулуш боюнча айттым. Макул болгон. Таштанды чаканы унутуп коюптурмун. «Таштанды чака алып бересизби» дедим. «Мен колуңа берген белекке ыраазы болот экен дегем» деди. 3 миң сомдук телефон салган сумка болчу деди. Үйгө барып ачсам чын эле сумка экен. Мен туура эмес кылганымды түшүндүм. Эртеси сабакка келсем баласы жок экен. Уктап калышканын айтты. 4-сабакка келе бергиле, окуучуларга тааныштырайын дедим. Баласы келгенде сумканы берип жибердим. Окуучу сабактарды калтырып, кыздарды сабай баштады. Акырын айтсаң болбойт экен деп, уруштум. Бала менен кыз ыйлашты. Кийинки жума дагы бир кыз менен урушту. Эки жолу урушканым окуучуга катуу тийиптир. Мугалимдер күнүндө 300 сомдон чогултуп, 3200 сом акча беришти. 9-октябрда баланын апасына чалып, «окуучунун делосу келе элек, документ топтоп жатам» дедим. Толтура сөздөрдү айтты. Мен мектепке келиңиз дедим. Директор мени чакырды. Ал жерде баары отурушуптур. Апасы мага атырылды. Директор «сабагың болсо, кете бер» деди. Мен сабак өтүп жаттым. Бирок кайра директорго барсам, окуучуну башка класска которобуз деди. Ошол учурда эле энеси мени издеп келип, укмуш сөздөрдү айтты», — деди ал.