«Күлгө айланган үй, тонолгон там». Манзура апанын чек арадагы жаңжалдан кийинки турак-жайы

Баткендин Орто-Боз айылындагы тонолгон, өрттөлгөн кыргыз үйлөрүнүн сүрөттөрү соцтармактарга жайгаштырылып жатат. Тагдыры ошондой окуяга туш келгендердин бири — Манзура аттуу жогоруда айтылган айылдын тургунунун окуясын Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу жазып чыкты.

Жол тосулуп, ок атылган учурда бүтүндөй бир айылдын эли аргасыз качууга дуушар болушкан. Алардын арасында Манзура да бар эле. Ээси жокто кыргыз үйлөрү толук өрттөлүп, алардын короосунда сүрөттөн көрүнүп тургандай, тажик тараптын окоптору казылган. Анысы аз келгенсип, апанын үйүнүн жер төлөөсү тонолуп, 3 тоннадай өрүк, бир жарым тоннадай күрүч уурдалган.

Жада калса, тоокканадагы тооктордун да эч аёосуз баштары жулунуп, жок кылынган. Окопто жаткан тажиктер каалагандай буюмдарга ээлик кылышып, мал-мүлкүн чачышкан. «Манзура апа сүйлөп отурган сайын, окуяны угуп отуруп, алсыз бир бечара пенде экениме өкүндүм. Эч бир жардам бере албадым. Калп болсо да, көңүл жибиткен сөз айтып көңүлүн көтөргүм келди. Аны да эптей алган жокмун», — деп жазат автор.