Өлчөмдөрү ар кандай болгон жаңы 500 сомдуктар талкуу жаратты

Социалдык тармактын колдонуучулары өлчөмдөрү ар кандай болгон жаңы 500 сомдуктардын видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Видеодон көргөндөй эки купюранын өлчөмдөрү ар кандай. Жаңы банкнота ушул жылдын майында жүгүртүүгө киргизилген. Жогорудагы видео боюнча Улуттук банк комментарий бере элек.