Өлгөн торпок, химиялык заттар, шприцтер… Ош тургундары суу иччү Папан суу сактагычынан жийиркеничтүү кадрлар

Социалдык тармакка Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычынын айланасы акыр-чикирге толуп калганы тууралуу видео тарады.

Маалыматка ылайык, жарандык активист Анарбек Катагановду жергиликтүү тургундар сыйлоо максатында Папан суу сактагычына алып барышкан. Суунун жээгинде өлүп жаткан тамтыгы чыккан торпокту, унитаздын бөлүктөрү жана химиялык заттарды көрүүгө болот.

Жарандык активист «Менин билишимче, Папан суу сактагычындагы суу Ош шаарына барат. Эл ушул жактагы суудан ичет. Суунун жээгинде мотор майынын идиши, карбюраторду тазалагыч, курулуш материалдары жатат. Булардын баары химикаттар. Ар кандай шприцтер да бар экен. Жаан жааганда мунун баарын жууп сууга айдайт. Ошто ичкен сууга хлор кошуп, тазалашканы менен заттардын химиялык курамын жогото алышпайт. Ушул жактан бактериялык, ичеги оорулары жаралат. Химикаттар түз эле биздин бөйрөк, боорлорубузга барып такалат» деген.

Ал эми Сактан аттуу жергиликтүү тургундун айтымында, акыр-чикирлер айылдан сел менен агып келет. «Биздин айылда таштанды салчу урналар жок. Жашоочулар акыр-чикирди короосуна аңгекке чогултуп коюшат. Сел жүргөндө ошонун баарын суу сактагычка айдап келип кошуп салат. Сиздер көрүп жаткан көрүнүш бул таштандынын 100дөн бири болушу мүмкүн. Суунун астында мындан көп таштанды жатат. Торпок кичине болуп калкып, жээкке чыгып калыптыр. Буга окшогон мал күндө бирден өлүп турат. Суунун астында калгандары канча», — деп билдирген айыл жашоочусу.