«Өлгөндөн кийин кел». Депутат аялдарга зордук-зомбулуктун күчөп жатканына милицияны айыптады

Аялдардын арманын аялдар гана түшүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

«Эркектерге барса, «сен өлгөндөн кийин кел» дептир. Ошол милиция кызматкерлерин камап, жоопкерчиликке тартыш керек. Ошолордун кесепетинен өлүм көбөйүп, зордук-зомбулук күчөп жатат. Ошого силер күнөөлүүсүздөр», — деди ал.

«Туура айтасыз. Кой аксагы менен миң дейт. Бизде да кемчилик кетирген кызматкерлер бар. Ал боюнча ИИМдеги уставдар боюнча чараларды көрүп жатабыз», — деди ИИМдин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов.