Олимпиада чемпиону болгон япон спортчусу Фумитага калпак кийгизген видео тарады

7-августка караган түнү Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде медаль ээлери аныкталып, сыйлоо аземи болуп өттү.

Кытай спортчусу Као Лигуо күмүш медаль, Япония спортчусу Кеничиро Фумита алтын, ал эми Жоламан Шаршенбеков менен Түндүк Кореянын спортчусу Ри Се Юн коло медаль алышты.

Сыйлоо аземи бүткөн соң, Олимпиада чемпиону болгон Кеничиро Фумитага кыргыздардын калпак кийгизген видеосу тарап жатат.