«Олимпиада мен үчүн чоң мотивация болду». Каныкей Кубанычбекованын кайрылуусу (видео)

Бүгүн, 24-июлда Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова мекендештерге кайрылды.

«Бүгүн алгачкы ирет олимпиадалык мелдешке катыштым. Жакшы деңгээлде өттү. Мен, тилекке каршы, буга чейин көрсөтүп келген жогорку жыйынтыгымды Олимпиада мелдешинде кайталай албай калдым. Ири жетишкендиктерди камсыздоого даярданган болчумун, эмнегедир жыйынтык көрсөтө албадым. Алгачкы Олимпиадамдан чоң тажрыйба алдым. Мен үчүн алдыдагы мелдештерге жаңы мотивация болду»,- деди ал.

Ал мындан тышкары, аны колдогон кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.