Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган Бекдөөлөт Расулбековго сыйлык тапшырылды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов эл аралык спорт чебери Бекдөөлөт Расулбековду жана анын машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовду сыйлады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бакдөөлөт Расулбековго 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовго 50 миң сомдук сертификат тапшырылган.

Эске салсак, спортчу Олимпиада оюндарына бүгүн, 24-июлда учуп кетет.