Олимпиада спортчуларына Ысык-Көлдө кандай сый көрсөтүштү?

Бүгүн, 27-сентябрда Париж Олимпиадасына катышкан спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Мунарбек Сейитбек уулу, Үзүр Жусупбеков Жети-Өгүзгө барды. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. 

Саруу айылында аларды жеригиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тосуп алышты. ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, жеке ишкер аларга Ысык-Көлдүн жээгинен 4 сотыхтан жер берген.