Өлкө аймагында жыл башынан бери 69 адам сууга чөгүп каза болду

Өлкө аймагында жыл башынан 21-июлга чейин 69 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Акыркы маалыматтарга таянсак, быйыл суу кырсыгынан 69адам каза болду. Сууга чөккөндөрдүн катарында эркек, аял, өспүрүмдөр ал тургай, наристелер да бар. Өткөн жылга салыштырмалуу бул сан 23 пайызга өскөн.

Бул сан эс алуу учурунда ар бир адам суу коопсуздук эрежелерин так сактоого, балдарын көзөмөлдөөгө чакырык таштайт.