Өлкө аймагында кечээ эки жолу жер титиреди

Кечээ, 21-майда саат 19:41де Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра, Сан-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле саат 20:26да өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө болду.

Жер титирөө Жалал-Абаддын Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.