Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.
«Акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп кетүүдө. Селдин кесепетинен турак-жайлар, короо жайларга зыян келтирилген учурлар бар, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жоюуга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү. Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт», — деп жазды ал.