Республика боюнча 1871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча бар. Анын ичинен 1186 бала бакчада видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
«Баткен облусунда 81 бала бакчада, Ош облусунда – 369, Ош шаарында – 51, Жалал-Абад облусунда – 230, Чүй облусунда – 79, Бишкек шаарында – 115, Ысык-Көл облусунда – 87, Нарын облусунда – 121, Талас облусунда – 53 бала бакчада видеокамералар коюлду. Калган 685 бала бакчада да видеокамераларды тез арада орнотуу талап кылынууда», — деп жазылат билдирүүдө.
Ушундан улам Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылып, бала бакчаларда коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында видеокамераларды орнотууну сунуштады.