Өлкө боюнча Айт намаз мечиттерде гана окулат

Республиканын бардык аймактарында Айт намазы мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Айт намаз мечиттерде санитардык эрежелерди так сактоо менен окулат.

«Эми муфтият Бишкекте Айт намазы кандай окула тургандыгын чечип жатат. Жооп эртең белгилүү болот», — дешти алар.

Кыргызстанда Орозо айт 13-майга белгиленген.