Өлкө боюнча бүгүн-эртең мектеп жана бала бакчалар онлайнга өттү. Эмне үчүн кеч айтылды?

13-14-декабрь күндөрү өлкө боюнча окуучулар онлайн режимде окушат. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, бала бакчалар да 2 күнгө таратылган.

Буга чейин Бишкек мэриясы маалымат таратып, бүгүн жана эртең окуучулар онлайн режимде окушарын билдиришкен.

Ошол эле учурда бүгүн, 13-декабрда таңкы убакытта суукта сабакка жөнөп кеткен окуучулардын ата-энелери маалымат кеч жарыяланганына нааразы болушууда. Буга карата министрликтен Билим берүү министри маалымат жыйын берерин жана ошол жерде жооп кыларын билдиришти.