«Өлкө боюнча жарык үзгүлтүккө учурабашы керек». Мындай талапты башкы электрик кол алдындагыларга койду

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков бардык электр тармактар ишканаларынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган ишканадан маалымдашты.
Жыйында 2022-2023-жылдарындагы күз-кыш мезгилдеринен ийгиликтүү өтүү үчүн электр тармактардагы даярдыктар боюнча маселелер талкууланды. Алтынбек Рысбеков өз сөзүндө калкка электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керектигин баса белгиледи. Ишкана техникалык жактан бардык кырдаалга даяр болуп, атайын ыкчам бригадалык топтор түзүлүшүн катуу көзөмөлгө алуусун эскертти. Ошондой эле, башкы директор электр тармактарынын жетекчилерине «өлкө боюнча жарык үзгүлтүккө учурабашы керек» деген талабын койду.