Өлкө керектеген жумуртканын жарымынан көбү сырттан келет

Жумуртканын баасы эмне үчүн кымбаттап кеткени боюнча да Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги себептерин айтты.

Жылдын башында жумуртканын 10 даанасы 75 сомдун тегерегинде болсо, учурда ал баа 95-100 сомдун айланасын түзүп калды.

Өлкөнүн керектөөсү жылына болжолдуу 1 миллиард 250 миллион даана жумурткадан турат. Анын 45 пайызын ички рыноктогу өндүрүш камсыздаса, калган 55 пайызы импорттолуп келет. Жумуртканы Кыргыз өлкөсүнө ташыган башкы мамлекет бул – Казакстан. Коңшу өлкөдө куш тумоосу чыгып, андан улам жумуртка кымбаттап кеткен.

Агенттиктин маалыматы боюнча, жумуртканын баасынын көтөрүлүшүнө сезондук фактор да таасир эткен. Күз мезгилинде тооктор аз жумуртка тууп, буга жараша баалар да көтөрүлөт.