Өлкөдө 1-октябрдан тарта пенсиянын өлчөмү жогорулашы мүмкүн

Кыргызстанда 2021-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн көбөйтүүнү пландап жатышат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Чиновниктер пенсиянын жалпы суммасы өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунан (4785,4 сом) төмөн болсо, базалык бөлүгүн 10 пайызга жогорулатууну сунуштап жатышат. Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө 343,8 миң (48 пайыз) пенсионерлер ушундай түрдү алышат.

«Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоонун шарты — индексациядан мурунку календардык жыл үчүн республикада орточо эмгек акынын жогорулашы. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылдын орточо эмгек акысы 18 миң 940 сомду түздү же 2019 -жылдын орточо эмгек акысына караганда 10 пайызга жогорулады”, — деп белгилешти ведомстводон.

Камсыздандыруу бөлүгү 4785,4 сомго чейин пенсия алгандар үчүн кеминде 200 сомго, анын өлчөмү бул суммадан ашса 500 сомдон кем эмес көбөйтүлөт. Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн алдыдагы индекстөөнүн жыйынтыгы боюнча, жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 6248 сомго бааланат, бул 455 сомго көбөйгөн учурдагы орточо пенсиядан жогору. 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча,  -октябрга карата пенсионерлердин саны 715,5 миң адамды түзөт.