Өлкөдө 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Алар кайсы ооруканага орнотулат?

Саламаттыкты сактоо министрлиги республиканын ооруканаларына бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандарды, анын ичинде COVID-19дан кийинки татаалдашуунун себебинен өөрчүгөн бөйрөк ооруларын дарылоо үчүн сууну тазалоо системасы бар 15 көчмө гемодиализ аппаратын орнотту. Бул аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатып алынган, анын максаты COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жабдуулар өлкөнүн бардык аймактарындагы негизги саламаттыкты сактоо уюмдарына орнотулду: Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук хирургия борборуна, Улуттук госпиталга, Улуттук кардиология жана терапия борборуна, Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 2 даана, Чүй облустук бириккен ооруканасына, Талас облустук бириккен ооруканасына, Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына, Баткен облустук бириккен ооруканасына, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына, Нарын облустук бириккен ооруканасына, Токтогул Жалпы дарыгерлик практика борборуна коюлган.