Өлкөдө 204 мектеп карантинге жабылды

2022-2023-окуу жылында түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республика боюнча жалпы 204 мектеп карантинге жабылды.

Билим берүү министрлигинен карантинге жабылган мектептерде сабак онлайн-форматта уланарын маалымдашты. Өлкөдө жалпы 2357 мектеп бар.