Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40,2 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
2024-жылдын башына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 266 бала каттоодо турат. Ошол эле учурда өткөн жылдын башында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 445 адамды түзгөн. Быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40,2 пайызга азайды.
— балдардын ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калуусу.
Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан балдарга күбөлүктөрүн алууга көмөк көрсөтүлөт:
— баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгүн алып берүүгө көмөктөшүү,
— баланын төрөлгөндүгүнүн фактысын аныктоо боюнча сотко доо арыз берүү жана соттук процесске катышуу,
— ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгы боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнүч менен кайрылуу,
— ата-энелердин өздүгүн тастыктоочу документтерин алып берүү.