Өлкөдө 3 жолу жер титиреди

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-январда саат 4:27де Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында 5 баллга (Бедел айылынан 45 чакырым түштүк батышта, Ыштык айылынан 60 чакырым түштүктө, Кумтөр ишканасынан 75 чакырым, Каракол шаарынан 153 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Ал эми кайрадан саат 7:44тө кайталанып, Кытайда очогунда күчү 4,5 баллга жетсе, биздин өлкөбүздө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Ошондой эле эртең мененки саат 9:52де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал эми Кыргызстандын аймагында жогоруда аталган айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.