Өлкө аймагындагы ооруканаларда коронавирустан жабыркаган 1 417 бейтап дарыланып жатат. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Алардын ичинен:
- 16 адам (1,1%) — канааттандыраарлык абалда;
- 1011 (71,3%) — орто оордукта;
- 332 (23,4%) — оор абалда;
- 58 (4,0%) — өтө оор абалда.
Үй шартында 1 753 бейтап дарыланууда.