«Өлкөдө 3,5 миллион эркек киши бар». Мырзалар жөнүндө кызыктуу фактылар

2024-жылдын башында республикадагы эркектердин саны 3,5 миллион адамды түзгөн (2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтарын эске алганда). Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Республикадагы эркектердин үчтөн экисин айыл жерлеринде жашаган эркектер түзөт. Ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында жашайт. Эркектер бардык ишмердик чөйрөсүндө эмгектенишет.

Эмгекке жарамдуу жаш курактагы эркектердин иш менен камсыз болуусунун деңгээли жетишээрлик жогору жана 77 пайызды түзөт.

Иштеген эркектердин орточо жаш курагы 38 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир алтынчы эркектин жаш курагы 30-34 жашты түзөт.

Курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), пайдалуу кендерди казуу сыяктуу ишмердиктин түрлөрү “эркектер” гана эмгектенген иштер болуп саналат.

2022-жылы 48 миңге жакын эркек никеге турган. Эркектер 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат.

Мында 41 миң эркек биринчи жолу үй-бүлө курган. Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.

2022-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,9 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 34,6 жашты түзгөн.