Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
11-октябрда күндүз жана 12-октябрда Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
13-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 14-16-октябрда туруксуз аба ырайы сакталат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.