Өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

Өлкөдө үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 31-мартта жана 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.