Өлкөдө акыркы сутка ичинде 68 адамдан коронавирус аныкталды

Өлкөдө акыркы сутка ичинде 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалыматты республикалык штабдан таратышты.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 45, Ош — 4, Чүй облусу — 12, Ысык-Көл — 6, Жалал-Абадда 1 адамдан оору катталды. Өткөн жылдын март айынан бери жалпы илдет аныкталгандардын саны 87 миң 389 адамга жетти.

Акыркы сутка ичинде оорудан 2 өлүм, ал экөө тең Бишкек шаарында катталды. Жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 1 миң 490 бейтапты түздү.