Өлкөдө алты айда 19 ата-эне балдарынан алимент өндүрүүнү талап кылган

2023-жылдын алты айында 19 ата-эне балдарынан алимент өндүрүүнү суранышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов белгилегендей, карылар үйүндө калган кары-картаңдардын басымдуу бөлүгү алимент өндүрүү үчүн балдарына арыз жазбайт. Бирок ал сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынса, анда карылар кабыл алынган социалдык мекеменин жетекчилиги ата-энесин багуудан качкан балдарды жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен сотко кайрыла алат.