Өлкөдө ар бир үчүнчү студент — чет өлкөлүк. Алардын ичинен Өзбекстан, Индия жана Пакистандан келгендер басымдуу

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 231 миң 394 студент билим алса, алардын 84 пайызы мамлекеттик ЖОЖдордо окуйт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Студенттердин 30 пайызы же 70 миң 524 адам — чет мамлекеттердин жарандары.

Чет өлкөлүк студенттердин 63 пайызы — коңшу өлкөлөрдөн келгендер. Алсак, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттердин көбү (38 миң 857) — Өзбекстандан келгендер, андан кийинки орундарда Индиядан келгендер (14 миң 461) жана Пакистандан келгендер (9 миң 758) турат. Коңшу өлкөлөрдөн келген студенттердин көбү мамлекеттик ЖОЖдордо, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер мамлекеттик эмес ЖОЖдордо окушат.

2022-жылы ЖОЖдор 40 миң 145 адисти даярдап чыгарат же студенттердин жалпы санынын 17 пайызы бүтүрүүчү болот деп күтүлүүдө.