Өлкөдө бир аптада КРВИ жана сасык тумоо 44 миңден ашуун кишиден аныкталды

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча мониторингинин негизинде 12-декабрдан 18-декабрга чейин аралыкта КРВИ жана сасык тумоонун 44106 учуру катталды, анын ичинде сасык тумоонун 142 учуру лабораториялык тастыкталды.

Сасык тумоонун, грипп сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо зарыл:

— бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;
— респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;
— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо жана башка);
— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.