Өлкөдө бир да губернатор, мэр, аким аял жок экени маалым болду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевге суроо узатып, өлкөдө канча аял губернатор, аким бар экенин тактады.

Министрдин орун басары жок экенин, бирок алардын орун басарлары аял кишилер экенин айтты. «Эмне жок дегенден качып жатасыңар, айткыла да жок деп эле», — деди депутат.

Ал ошондой эле өлкөдө канча аял киши РИИБ жана ОИИБдин башчысы экенин сураганда, ИИМдин өкүлү так маалымат жок экенин айтты. Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев шаар мэри болгон аял да жок экенин айтты.