Өлкөдө бир жума ичинде 73 адам коронавирустан каза болду

12-июлдан 18-июлга чейин Кыргызстанда 73 адам коронавирустан каза болду. Каза болгондордун көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган.

Бишкек шаарында – 36 адам вирустун кесепетинен каза болсо, акыркы жети күн ичинде өлүм көрсөткүчү боюнча экинчи орунда Чүй облусу турат — 16 адам.

Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 12-июлда өлкө боюнча 11 адам өлүмү катталган. Ал эми 13-14-15-июлда 10дон адам көз жумган. Коронавирус 16-17-июлда 11ден адамдын, 18-июлда 10 адамдын өмүрүн алган.