Өлкөдө буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40 пайызга жогорулады

Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, июль айына карата абалы боюнча буудайга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 29,15 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда, буудайдын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Бишкек (килограмм үчүн 31,46 сом), Токтогул (30,96 сом), Исфана (30,73 сом) жана Өзгөн (30 сом) шаарларында, ал эми төмөн болуп — Чаек айылында (18 сом), Каракол (20,87 сом) жана Кара-Суу (23,59 сом) шаарларында түзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында мурунку айга салыштырмалуу республикадагы буудайга чекене баа 3,4 сомго же 13,1 пайызга жогорулады.

Июль айында буудайга болгон баанын мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Токтогул шаарларында 47,1 пайызга жана Нарын шаарларында 43,0 пайызга катталган.