Өлкөдө эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6 эсеге жогору

Жыл сайын республикада 8-мартта Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болгон жана ошол күндөн тартып, БУУ тарабынан Аялдардын укуктары жана эл аралык тынчтык үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат.

Улуттук статистикалык комитетинен билдиришкендей, 2024-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,2 миллион адамды түздү. Мында Кыргызстандагы аялдардын саны эркектердин санынан ашып кетүүсү (50 пайыздан ашык) сакталып калууда.

Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектерге караганда бир аз жогору (27 жаш). Ошону менен бирге аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Аялдардын жашоо узактыгы 2022-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Жашоо узактыгынын ортосундагы ажырым аялдар менен эркектердин өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктар менен байланышкан: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6 эсеге жогору.