Өлкөдө эттин баасы кайрадан асмандай баштады

Өлкөдө эттин баасы кайрадан көтөрүлө баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы айларда эттин килограммынын дүң баасы 280 сомдон 400 сомго кымбаттап, ортодо 360 сомго түшүп, кайрадан баа соңку учурда 370-380 сомго чыгууда. Министр азыркы тапта кымбаттоонун себептерин изилдеп жатышканын айтты.