Өлкөдө эттин баасына көзөмөл киргизилет

Эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизилет. Мындай чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.

Мамлекеттик көзөмөлдөөнүн максаты – эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан кирип-чыгышын контролдоо, малды экспорттоого сандык чектөө киргизүү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жана анализ жүргүзүп туруу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлүп, министрликке караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлердин ветеринардык-санитардык көзөмөлүн күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчилик менен күрөшүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.