Жаңы жыл түнү эки эгиз ымыркай төрөлдү

Өлкөдө Жаңы жыл түнү эки айым эгиз төрөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 31-декабрь таңкы саат 8ден 1-январь таңкы саат 8ге чейин 375 төрөт кабыл алынып, 379 наристе төрөлгөн. Алардын ичинен 207 эркек бала, 172 кыз жарык дүйнөгө келген.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун тургуну түнкү саат 12:45те эгиз кыз жана уулдуу болгон. Ал эми Жалал-Абад облусунун тургуну таңкы саат 4:55те эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келген.