Өлкөдө жаз мезгилинде 6 өзгөчө кырдаал, 106 өзгөчө окуя катталды

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы угулду. Бул багытта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баяндама жасады.

Анын маалыматында 2024-жылдын март, апрель, май айларында өлкө аймагында 6 өзгөчө кырдаал, 106 өзгөчө окуялар катталган. Анын алкагында Ош, Раззаков шаарларында, Лейлек, Сузак, Ноокен, Талас райондорунда өзгөчө кырдаал киргизилген болсо, 1 адам каза болуп, 333 турак жайларга суу кирип, 26 соцобъекттер жабыркаган.

Депутат Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагын аралап өтүүчү Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө маселесин көтөрдү. Депутат Дастан Жумабеков жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга карата бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын жетиштүүлүгүн тактады. Эл өкүлү Камила Талиева ӨКМдин техникаларды жана куткаруучулардын санын көбөйтүү, Раззаков шаарынын Самат айылындагы көпүрөнү калыбына келтирүү маселесин айтты. Депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районунда болуп өткөн сел кесепеттерин жоюу, аймакта суу дамбаларын куруу зарылдыгын белгиледи. Депутат Бактыбек Сыдыков Майлуу-Суу шаарындагы жана Ноокен районундагы жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, суу топтоочу дамбаны ондоо маселесине көңүл бурду. Ал эми депутат Айбек Алтынбеков ӨКМдин Базар-Коргон районунун аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээктерин быйыл бекемдөө пландарын сурап, курулуштун сапаттуулугуна кайрылды. Ошол эле учурда эл өкүлү Чкалов айылында кооптуу аймакта жашаган тургундарды көчүрүү муктаждыгын белгиледи. Селден жабыркаган социалдык обьекттердин санын тактаган депутат Айсулуу Мамашова: «Кызыл-Кыя шаарында төрөтканын жана бала бакчанын имараты зыянга учураган. Аларга толук кандуу иштөөсүнө өз учурунда көмөк көрсөтүү зарыл», — деди. Депутат Азамат Исиралиев Кара-Кулжа дарыясына дамба куруу, жайлоого өтүүчү жолдун кооптуулугун жоюу маселесин көтөрдү.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы эске алынды.